Кыргы

Кыргыз NBS2GO



Библияны изилдөө боюнча топту кантип баштоо керек?

Кудай сизди жашаган жериңизде, жумушуңузда же чөйрөңүздө түбөлүккө таасир калтыруу үчүн колдонгусу келгенине ишенебиз. Баштоо үчүн үч жеңил кадам:

1. СЫЙЫНЫҢЫЗ

… баардыгы сыйынуу жана мамиледен башталат.

СЫЙЫНУУ
● Сизге Библияны изилдөө боюнча топту баштоого жардам бере турган досуңуз үчүн сыйыныңыз.
● Дайыма чогуу сыйыныңыз. Кудайдан Аны планын жана багыттосун сураңыз.
● Айлана-чөйрөңүздө басып жүргөндө сыйыныңыз. Кудайдын батасын жана
коргоосун сураңыз.
● Адамдар үчүн аттарынан сыйыныңыз. Кудайдан алар менен жолугушуп, аларга кам көрүү жана кызмат кылуу үчүн мүмкүнчүлүк берүүсүн сураңыз. Кам көрүү
аракеттери жүрөктөрдү ачат жана мамилелерди курууга жардам берет.
● Аларда Библияны изилдөөгө кызыгуусу пайда болушу үчүн сыйыныңыз.

МАМИЛЕЛЕР
● Жаныңызда жашап, иштеп же чогулуп жүргөндөр менен жолугушуңуз. Достук мамиледе болуңуз жана шыктандырыңыз.
● Маектерди баштаңыз-жакшы суроолорду берип, жакшы угуучу болуңуз.
● Чай, кофе ичип же тамак жеп, чогуу убакыт өткөрүңүз.
● Сүйүү, берүү жана кызмат кылуу үчүн мүмкүнчүлүк издеңиз.

2. БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ

… кызыкдар болгондорду табыңыз.

ЧОГУЛУШТУ ПЛАНДАШТЫРЫҢЫЗ
● Күндү, убакытты жана жерди тандап алыңыз.
● Келүүсүн каалаган адамдарыңыздын тизмесин түзүңүз.
● Сыйыныңыз жана аларды чакырыңыз.
● Кааласаңыз, жеңил тамактарды сунуштоону пландаштырыңыз.
● Маек үчүн суроолор тизмесин түзүңүз же «таанышып алууга» карата иш-чара пландаштырыңыз.

ЧОГУЛУШ БОЮНЧА ЖЕТЕКЧИЛИК
● Каалашса кофе, чай жана/ же жеңил тамак тартуулаңыз.
● Саламдышыңыз, бири-бириңиз менен таанышып чыгыңыз (суроолорду же иш- чараны колдонуңуз) жана алардын бири-бирлерине көнүүсү үчүн убакыт бериңиз.
● Убакытыңыздын аягында бул сыяктуу нерсери айтыңыз: «Биз чогуу ушунчалык
сонун убакыт өткөрдүк. Биздин топтун Библияны чогуу изилдеп, ал эмне деп айтканын жана биз менен жеке байланышынын кандай экенини билүү үчүн коопсуз чөйрө жана камкоор жааматыбыздын болушун каалайм. Эгерде кызыкдар болсоңуз, сураныч, мага билдириңиз.»

3. ЖЕТЕКТЕҢИЗ

… эми баштаңыз.

● Ар бир адам үчүн Изилдөө Жетекчилигин жүктөп алып, басып чыгыңыз.
● Ал Изилдөө Жетекчилчигиндеги сунушталган Ыйык Жазуунун төрт топтомунан бирөөсүн тандап алыңыз.
● Катышуучуларга ар бир күндүн суроолоруна жоопторун жазуу үчүн кичинекей дептер керек болот.

Которууда бизге көмөк көрсөтүү үчүн contact@nbs2go.com дарегине кайрылыңыз.

Кыргыз Ыйык китептик изилдөөлөр

ЖАРЫК (Kyrgyz – Light)

ЖАРЫК: Деңиз таш бакалары үчүн жашоо-океан болуп саналат. Алар ар кандай жасалма жарыкка алаксып, табигый жашоо чөйрөсүнөн алыстаганда, сөзсүз өлүмгө дуушар болушат. Ыйса “Мен дүйнөнүн жарыгымын; ким Мени ээрчисе… өмүрдүн жарыгына ээ болот” деп Жакан 8:12 айткан. Ыйсанын өмүрү, мамилелери, кереметтери жана үгүттөрүнө негизделген төрт изилдөөдө түшүнүгүңүздү тереңдетиңиз.

Study Guide: View | Download
Leader Guide: View | Download
Duration: 8 week